Кыргызстан менен Ливандын кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Ливандын кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды

Саясат 9 апрель 2025 09:44
WhatsApp Image 2025-04-07 at 13.20.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-07 at 13.20.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-07 at 13.20.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-07 at 13.20.20.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек,09.04.25./Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Ливандын Түркиядагы элчиси Гассан Моаллем менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелерин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын кеңири талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде Ардактуу консулдар институтунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен жигердүү жана жемиштүү кызматташууга умтуларын белгилешти.

Руслан Казакбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, ливандык ишкерлерди Кыргызстандын болгон потенциалын пайдаланууга жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына жигердүү инвестициялоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык платформалардагы мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.