Кыргызстан менен Литванын ортосундагы жүк ташуу көйгөйлөрү качан чечилет?

Саясат Загрузка... 09 Декабрь 2025 11:45
a46b323f-77c7-36c0-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Литванын тышкы иштер министринин орун басары Аудра Плепите менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Кыргыз тарап ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн негиз катары диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул жагынан алганда тараптар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Тараптар соода жана экономика жаатындагы, ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.

Литва чек арасынан кыргыз жүк ташуучуларынын өтүүсүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап үзгүлтүксүз ташууларды камсыз кылуу жана келип чыккан ар кандай кырдаалдарды тез арада чечүү үчүн Литва чек арасындагы ар кандай чектөөлөрдү же убактылуу чараларды тез арада билдирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.