Кыргызстан менен Кытайдын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 02 Июль 2025 16:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12-жыйынынын алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев кытайлык кесиптеши Лю Вэй менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкө ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Министр Сыргабаев кошумча уруксат бланктарын алмашуу, электрондук уруксат алмашуу системасын ишке ашыруу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууда айдоочулар үчүн уруксат алуу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Лю Вэй кыргыз тараптан көтөрүлгөн маселелерди түшүнүү менен кабыл алып, аларды чечүү үчүн тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12- жыйынына катышып жатат.