Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү $5,5 млрд жетти

Экономика Загрузка... 18 Апрель 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланышты күчөтүү,  кыргыз-кытай мамилелерин ар тарапан өнүктүрүү тууралуу баарлашты.   

Улан Примов белгилегендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурда болуп көрбөгөндөй өсүп, 5,5 млрд долларга жетти.

Комитет төрагасы өз сөзүндө кыргыз-кытай достук мамилесин жогору баалай турганын белгилеп, тармактык комитет эличиликтин миссиясына  колдоо көрсөтүп, көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Примов буга чейин өлкө жетекчилигинин, депутаттардын кошуна өлкөгө жасаган иш сапарлары жемиштүү болгонун эске салып, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын күчөтүүгө да чоң маани берилет деди.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин өлкө башчыларынын Кытайга болгон мамлекеттик сапарында өз ара мамилелердин бардык аспектилери тууралуу сөз болуп, кызматташтык боюнча 24 документке кол коюлганы эң чоң ийигилик деп билдирди.

“Натыйжада парламенттер аралык кызматташтык дагы жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, - деди элчи Лю Цзянпин