Кыргызстан менен Кытайдын медициналык билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 16 Апрель 2025 13:13
sestrinskoe-delo-1.png
490831650_1103190851854658_3450743649949478104_n.jpg
491108496_1103190855187991_6038339099725292227_n.jpg
491973758_1103190961854647_2380465948667183199_n.jpg
491973855_1103190858521324_7697366972204571530_n.jpg
Алдыга
Артка
sestrinskoe-delo-1.png
490831650_1103190851854658_3450743649949478104_n.jpg
491108496_1103190855187991_6038339099725292227_n.jpg
491973758_1103190961854647_2380465948667183199_n.jpg
491973855_1103190858521324_7697366972204571530_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Күн мурун Билим берүү жана илим министрлигинде Кытайдын Шандунь университетинин алдындагы Цилу ооруканасынын делегациясы менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова катышты.

Тараптар клиникалык билим берүү жана илимий изилдөөлөр багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле медициналык билим берүү боюнча тренингдерди жана мастер-класстарды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кытай делегациясы Шандунь университети жана Цилу ооруканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз билим берүү мекемелери менен кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Айнура Исираилова кызматташууну академиялык мобилдүүлүк программаларынан баштоону сунуштады. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 34 жогорку окуу жайы медициналык билим берүү программаларын ишке ашырууда. Бул сунушту Цилу ооруканасынын делегациясы колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги кызматташууга толук даяр экенин билдирди. Бул жолугушуу эл аралык кызматташууну чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.