Кыргызстан менен Кытайдын маалыматтык байланыштары бекемделүүдө

Коом 25 декабрь 2025 09:47
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Күн мурун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кытай медиакорпорациясынын Евразия бюросунун директору Ван Бин менен жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы медиа тармагындагы кызматташуунун келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтык жана медиаконтент алмашуу талкууланды.

Ошондой эле тараптар журналисттер аралык кесиптик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен медиа долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.