Кыргызстан менен Кытайдын авиация тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

17 Май 2025 16:20
498205565_9746365615448859_132022665615600916_n.jpg
497693717_9746367398782014_7396850432315237634_n.jpg
497610004_9746366515448769_5747726932814659426_n.jpg
497831394_9746365555448865_7941756252020554146_n.jpg
498017367_9746366348782119_754659283740663806_n.jpg
498119907_9746366922115395_5411643810188126617_n.jpg
498168976_9746365435448877_7034043092678121080_n.jpg
498635492_9746365498782204_6265510663524074534_n.jpg
499070512_9746367312115356_3581576799651581773_n.jpg
499169877_9746366518782102_217508119742538198_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 17.05.25. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын жетекчиси Манасбек Самидинов Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын (CAAC) төрагасынын жардамчысы Чжу Яочун менен жолукту. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Жолугушууда кытай тарап КЭРдин жарандык авиациясынын учурдагы абалы жана келечеги боюнча кеңири баяндама жасады.

Чжу Яочундун айтымында, Кытай экономикасынын туруктуу жана жогорку деңгээлде өсүшү транспорт тармагын өнүктүрүүгө бекем негиз түзүүдө: 2024-жылы өлкөнүн ИДПсы 5 пайызга өстү, ал эми аба жүргүнчүлөрүнүн саны рекорддук көрсөткүч — 730 млн адамга жеткен.

Чжу Яочун ошондой эле Кытай аба транспорту ассоциациясынын (CATA) активдүү ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Бул ассоциация 1000ден ашуун авиациялык уюмдарды бириктирет: авиакомпаниялар, аэропорттор, өндүрүш жана логистика компаниялары, учкучсуз учуучу аппараттар менен иштеген уюмдар жана башкалар.

Делегациянын сапарынын негизги максаттары төмөнкүлөр болду:

  • аба ташуулар, кадрларды даярдоо жана авиациялык машина куруу жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү;
  • авиациялык коопсуздук багытындагы өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулоо;
  • Кытайда чыгарылган учактарды, айрыкча C919 жана C929 үлгүлөрүн илгерилетүү;
  • Кыргызстанда авиациялык материалдар боюнча регионалдык борбор түзүү жана Урумчи/Кашгар – Бишкек/Ош багыттарында жүк ташуучу туруктуу авиакаттамдарды ишке киргизүү боюнча демилге;
  • Кыргызстандагы аэропортторду модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сунушу, анын ичинде Xinjiang Airport Group компаниясынын катышуусу менен;
  • гуманитардык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде кытай авиациялык технологиялары боюнча Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү;
  • кыргыз тарапты 5-6-июнда Пекин шаарында өтө турган Эл аралык авиациялык коопсуздук форумуна катышууга чакыруу.

Самидинов белгилегендей, Кыргызстандын Кытай менен авиация тармагындагы кызматташтыкка болгон кызыгуусу өсүүдө. "Кыргызстан аэропорттору" ААК эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө, авиациялык инфратүзүмдү санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана адистерди даярдоого даяр.