Билим берүү министрлиги менен Кытайдын Тынчтык корпусу кызматташат

Коом 1648 24 Апрель 2025 17:23
1.jpg
492199913_1109707461202997_8419616208887561069_n.jpg
492525647_1109707541202989_7171069201727266805_n.jpg
493034895_1109707557869654_6761545527649248932_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
492199913_1109707461202997_8419616208887561069_n.jpg
492525647_1109707541202989_7171069201727266805_n.jpg
493034895_1109707557869654_6761545527649248932_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов Кытайдын Пекин чет тилдер университетинин (BFSU) ректору Цзя Вэньцзя менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Айрыкча, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды туташтырып, темир жол куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруу үчүн синхрондуу котормочуларды даярдоого көңүл бөлүндү.

Мындан тышкары, КР Билим берүү министрлиги менен Пекин чет тилдер университети 2025-жылдын май айында Кытайга министр Догдуркул Кендирбаева баштаган делегациянын визити учурунда кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюу планы талкууланды. Бул кадам кадрдык потенциалды чыңдоо жана ири инфраструктуралык долбоордун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын иштеп чыгууга багытталган.