Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Кыргызстанга Кытайдын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен келди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Бул органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтып, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна чыгышына шарт түзөт.
Тараптар жолугушууда органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара таануу боюнча макулдашууга жетишти.
Ошондой эле эки өлкөнүн адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, техникалык регламенттерди жана органикалык стандарттарды шайкеш келтирүү боюнча иш алып барары айтылды.
Кыргызстандын адистери үчүн окутууларды жана стажировкаларды уюштуруу маселеси каралды.