Кыргызстан менен Кытай курулуш тармагында түз байланыштарды орнотууда — Кабар

Кыргызстан менен Кытай курулуш тармагында түз байланыштарды орнотууда

Экономика 20 декабрь 2025 15:15
image 16.jpg
image 17.jpg
image 14.jpg
image 13.jpg
image 15.jpg
Алдыга
Артка
image 16.jpg
image 17.jpg
image 14.jpg
image 13.jpg
image 15.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Күн мурун Үрүмчү шаарында кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда курулуш материалдары жаатында түз байланыштарды түзүүгө багытталган иш-чара өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлчүлүгү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте уюштурду.

Иш-чарага түз жеткирүү каналдарын түзүүгө жана колдонулган материалдардын сапатын жогорулатууга кызыкдар болгон 30дан ашык ири кыргыз курулуш жана өнүктүрүү компанияларынын өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан иш-чарага Үрүмчү шаарынан 70тен ашык курулуш материалдарын жана комплекстөөчү тетиктерди өндүрүүчүлөр катышты.

Иш-чаранын максаты түз диалог үчүн эффективдүү аянтча түзүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, техникалык мүнөздөмөлөрдү, стандарттарды жана логистикалык схемаларды талкуулоо болду.

Эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү Кыргызстандын курулуш тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана технологиялык жаңыланууга өбөлгө түзүүгө багытталган.