Кыргызстан менен Кытай коомдук тартипти камсыздоо багытында кызматташууну күчөтүүдө

Коом 19 август 2025 12:45
533543367_1158267336322266_5574367505458455806_n.jpg
534231750_1158267312988935_8837364080850434452_n.jpg
534402142_1158267362988930_120959046204493928_n.jpg
534540024_1158267306322269_1856356636369214392_n.jpg
534697679_1158267262988940_5343987063643363238_n.jpg
535311100_1158267269655606_4262680612868227392_n.jpg
536164467_1158267326322267_571695193807238277_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 19.08.25./Кабар/. Кыргызстан менен Кытай коомдук тартипти камсыздоо багытында кызматташууну күчөтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-21-август күндөрү Кыргызстанга Кытайдын Хэнань провинциясынын Коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы расмий иш сапары менен келди. Делегацияны департаменттин орун басары Го Чжишэн жетектеп келди.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара урматтоо жана ишеним негизинде натыйжалуу байланышты улантууга жана өнөктөштүк мамилени бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.