Кыргызстан менен Кытай китеп басып чыгаруу тармагында өнөктөштүктү бекемдейт

Коом 314 29 Июль 2026 12:45
758730890_904457755488432_7257132574003881814_n.jpg
759871655_1586038266209690_3847138677189757739_n.jpg
758542824_1035124399407063_1414597475948361767_n.jpg
Алдыга
Артка
758730890_904457755488432_7257132574003881814_n.jpg
759871655_1586038266209690_3847138677189757739_n.jpg
758542824_1035124399407063_1414597475948361767_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик китеп палатасында Кытайдын "Синьхуа" жана "Феникс-Чуиши" басмаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар китеп басып чыгаруу, китеп маданиятын өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле тараптар көркөм, илимий-популярдуу жана балдар адабиятын өз ара которуп басып чыгаруу, биргелешкен басма долбоорлорун ишке ашыруу, китеп продукциялары менен алмашуу жана кесиптик иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-кытай китеп тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантуу тууралуу макулдашылды.