Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай ички иштер багытындагы кызматташтыкты чыңдайт. Бул тууралуу КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин болгон жолугушууда белгилүү болду.
ИИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулап, трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштарга, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Улан Ниязбеков кызматташтыктын жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын ИИМи менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы байланыштардын натыйжалуулугун баса белгиледи. Ал ошондой эле тараптардын кесиптик тажрыйба алмашуу, биргелешкен окууларды өткөрүү жана кылмыштуулукка каршы аракеттерди координациялоо сыяктуу багыттарда иш алып баруусунун маанисин белгиледи.
Министрдин айтымында, Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУдагы төрагалыгы коопсуздук, экономика жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.
Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин кыргыз тарапка колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, министр Улан Ниязбековду жана милиция кызматкерлерин Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктады.