Кыргызстан менен Кытай экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады

Экономика Загрузка... 10 Июнь 2025 16:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Жибек жолу коомдук илимдер академиясынын (SRASS) делегациясы жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык делегацияга Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон артыкчылыктуу долбоорлор жана кызматташуунун багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Дары-дармек өндүрүшүнө, туризмге, пахта жана жүн өнөр жайына, ошондой эле "жашыл экономикага" жана калыбына келүүчү энергия булактарына өзгөчө көңүл бурулду. Бул тармактар Кыргызстан үчүн өсүү жана модернизациялоо потенциалы жогору болгон маанилүү багыттар болуп саналат.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоону талкуулашты.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда туруктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыгууну баса белгиледи.