Кыргызстан менен Кувейттин инвестициялык өнөктөштүгү талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Кувейттин инвестициялык өнөктөштүгү талкууланды

Саясат 3 октябрь 2025 08:50
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.21.02 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-30 at 00.08.25.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-29 at 15.21.02 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-30 at 00.08.25.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Кувейттеги Инвестициялык компаниялар биримдигинин (UIC) башкаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Хамад Аль-Теркейт менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн жеке секторлору ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жандандыруу маселелерин талкуулашты.

Өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары катары айыл чарба өндүрүшү, жашыл экономика, туризм, тоо-кен тармагы жана маалыматтык технологиялар белгиленди. Ошондой эле исламдык каржылоо куралдарын өнүктүрүү, жеке ишкерлер үчүн билим берүү программаларын жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар өз ара түшүнүшүү меморандумун даярдоо, ишкерлердин катышуусунда онлайн форматтагы жолугушууларды өткөрүү жана кувейттик инвестициялык делегацияны Кыргызстанга чакыруу демилгелерине өз колдоолорун билдиришти.