Кыргызстан менен Кувейт эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга умтулат

Саясат Загрузка... 21 Февраль 2025 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жогорку потенциалын белгилеп, кыргыз-кувейт мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга умтуларын билдиришти. Бул контекстте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды активдештирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кувейттин эмири Мишаал Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахка жолдогон катын тапшырды.

Сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери камтылды.

Мындан тышкары, тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Кувейтти маанилүү стратегиялык өнөктөш катары карай турганын жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө, диверсификациялоого кызыкдар экенин билдирди. Бул контекстте кыргыз тарап Кувейтти 2025-жылдын июнь айынын аягында – июль айынын башында Бишкекте өтө турган "Борбордук Азия – Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңеши" инвестициялык форумуна катышууга чакырып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кувейттин премьер-министри Ахмад Абдула Аль Сабахка жолдогон чакыруу катын тапшырды.

Абдулла Али Аль-Яхья өз тарабынан Кувейттин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин тастыктап, мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосунда жаңы кызматташтык механизмдерин түзүү демилгесин колдоду.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев өзүнүн кувейттик кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Абдулла Али Аль-Яхья чакырууну кабыл алып, жакынкы аралыкта Кыргызстанга келип кетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки негизги келишимге кол коюлду:

1) Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия түзүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандуму.

2) Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.