Кыргызстан менен Кореянын ортосунда $46 млн инвестициялык меморандумга кол коюлду

Экономика 19 июнь 2025 16:31
ed5ccdb5-5bda-45be-a33c-84d4f4279edb.jpeg
a217d835-059d-49d7-8eaa-e409b4d7260b.jpeg
8410d345-2123-4e51-a53d-e69fae8fedf1.jpeg
6f718519-8713-4083-9bc9-35d22719471d.jpeg
1afa50db-3cfc-42c4-99f6-5fafb0b35426.jpeg
Алдыга
Артка
ed5ccdb5-5bda-45be-a33c-84d4f4279edb.jpeg
a217d835-059d-49d7-8eaa-e409b4d7260b.jpeg
8410d345-2123-4e51-a53d-e69fae8fedf1.jpeg
6f718519-8713-4083-9bc9-35d22719471d.jpeg
1afa50db-3cfc-42c4-99f6-5fafb0b35426.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кореянын ортосунда 46 млн долларлык инвестициялык меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташтуу тууралуу меморандум "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коому менен Кореянын DOD компаниясынын ортосунда түзүлдү.

Меморандумга ылайык, көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси курулат. Максаты эт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо. Инвестициянын жалпы суммасы 46 миллион долларды түзөт.

Жолугушууда кыргыз тарап өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар чет элдик инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн жана ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленди.