Кыргызстан менен Кореянын маданий кызматташтыгы талкууланды

Коом 130 17 Август 2026 15:55
775333643_28108181858811279_4623176289219049149_n.jpg
776061747_28332125466474754_7967211800871951755_n.jpg
778957705_1530109821767260_6635155081282372454_n.jpg
776351278_1027957159862871_3049462240759400254_n.jpg
Алдыга
Артка
775333643_28108181858811279_4623176289219049149_n.jpg
776061747_28332125466474754_7967211800871951755_n.jpg
778957705_1530109821767260_6635155081282372454_n.jpg
776351278_1027957159862871_3049462240759400254_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Сеул искусство жана маданият фондунун башкы директору Сон Хён Чжон менен жолугушту.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Кореянын маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты.

Буга чейин биргелешип ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктарына токтолуп, топтолгон тажрыйба, учурдагы долбоорлордун жүрүшү жана алдыдагы иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Ошондой эле жаңы чыгармачыл демилгелерди колдоо, заманбап театр искусствосун өнүктүрүү, чыгармачыл топтордун өз ара алмашуусун кеңейтүү, тажрыйба бөлүшүү жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоого, башталган долбоорлорду улантууга жана жаңы чыгармачыл демилгелерди жүзөгө ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.