Кыргызстан менен Кореянын достук паркына көчөт отургузулду

Коом 149 20 Август 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 20.01.25 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Кореянын достук паркында экологиялык акция өтүп, 70 даана гибискус бадалы отургузулду.

Мэриядан маалымдашкандай, иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кван Же, жаш ыктыярчылар, кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү, ошондой эле Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Айбек Жунушалиев мындай демилгелер Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

"Бүгүн биз жөн гана бадалдарды отургузбастан, элдерибиздин ортосундагы достуктун дагы бир символун жаратып жатабыз. Экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу багыттарындагы кызматташтык биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул демилгеге катышып жаткан жаштарга ыраазычылык билдирем жана мындай жакшы саамалыктар мындан ары да улантыларына ишенем", — деп белгиледи мэр.