Кыргызстан менен Корея жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Экономика 4 декабрь 2025 09:40
IMG_9760 1 1.jpg
IMG_9780 1 1.jpg
IMG_9764 2 1.jpg
IMG_9754 1 1.jpg
IMG_9748 1 1.jpg
IMG_9727 1 1.jpg
IMG_9726 1 1.jpg
IMG_9709 1 1.jpg
IMG_9695 2 1.jpg
IMG_9692 1 1.jpg
IMG_9684 1 1.jpg
IMG_9680 1 1.jpg
IMG_9665 1 1.jpg
IMG_9647 1 1.jpg
Алдыга
Артка
IMG_9760 1 1.jpg
IMG_9780 1 1.jpg
IMG_9764 2 1.jpg
IMG_9754 1 1.jpg
IMG_9748 1 1.jpg
IMG_9727 1 1.jpg
IMG_9726 1 1.jpg
IMG_9709 1 1.jpg
IMG_9695 2 1.jpg
IMG_9692 1 1.jpg
IMG_9684 1 1.jpg
IMG_9680 1 1.jpg
IMG_9665 1 1.jpg
IMG_9647 1 1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бишкек шаарында өткөн "Корея – Борбор Азия энергетика жумалыгы" аттуу эл аралык форумга катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Кыргызстан менен Кореянын ортосунда өнөр жай тармагында кайра жаралуучу энергия жана интеллектуалдык энергия системаларынын өнүгүшүн бекемдөөгө, ошондой эле диалог, инвестиция жана ишкердик кызматташтык үчүн платформа түзүүгө багытталды.

Форумдун алкагында Экономика министрлиги, Кореянын Наджу шаарынын өкмөтү жана "Энергетикалык өрөөн" Ишкердикти өнүктүрүү институтунун (EVEDI) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документ жаңылануучу энергия, төмөн көмүртектүү технологиялар, акылдуу энергия системалары жана кадрларды даярдоо багыттарындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана көмүртек чыгындыларын кыскартуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип иштеп чыгып, илгерилетүүгө макулдашты. Меморандум кореялык компаниялардын технологиялары жана тажрыйбасы менен алмашуу, биргелешкен форумдарды, изилдөө демилгелерин, билим берүү программаларын жана компетенцияларды жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү карайт.

Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө маанилүү салым кошуп, алдыңкы энергетикалык чечимдерди тартууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.