Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Корея санариптик трансформация багытында жаңы долбоорду ишке ашырууну баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Министрдин орун басары Кубанычбек Тургунбаев Кореянын Электрондук өнөр жай кооперативинин (KEIC) өкүлдөрү менен жолугуп, "2026-2030 Корея – Кыргызстан: санариптик трансформация сектору үчүн технологиялык консультациялар жана чечимдер" долбоорун талкуулады.
Белгиленгендей, долбоор транспорт инфраструктурасын жана өндүрүш тармагын санариптештирүүгө багытталган. Анын алкагында аэропортторду башкаруу системаларын жаңылоо, логистикалык процесстерди автоматташтыруу, автобустардын маалыматтык системаларын, "акылдуу аялдамаларды", электрондук таблолорду жана "акылдуу фабрика" технологияларын өнүктүрүү пландалууда.
Долбоордун жүрүшүндө кореялык адистер техникалык кеңеш берип, санариптик өнүгүү боюнча пландарды иштеп чыгууга, технологияларды киргизүүгө жана жергиликтүү адистерди даярдоого көмөк көрсөтөт.
Программага мамлекеттик жана жеке сектордон 20га жакын ишкана катышып, алардын 10у негизги багыттар боюнча тандалып алынат. Долбоор 2026-2030-жылдары ишке ашырылып, Кыргызстандагы транспорт жана өндүрүш тармактарынын санариптик өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.