Ысык-Көлдө Кыргызстан жана Өзбекстан ЖОЖ ректорлорунун форуму өттү

Министрлер кабинети 2850 29 Июль 2026 16:45
6a69d46a1d246.jpeg
6a69d4534518e (1).jpeg
6a69d472944bc.jpeg
6a69d46fcd90c.jpeg
6a69d46f9877c.jpeg
6a69d46d774c2.jpeg
6a69d46d5fee3.jpeg
6a69d468b8a2d.jpeg
6a69d4675beba.jpeg
6a69d46730930.jpeg
6a69d4656bfb5.jpeg
6a69d464834bd.jpeg
6a69d46352e33.jpeg
6a69d4632a5e5.jpeg
Алдыга
Артка
6a69d46a1d246.jpeg
6a69d4534518e (1).jpeg
6a69d472944bc.jpeg
6a69d46fcd90c.jpeg
6a69d46f9877c.jpeg
6a69d46d774c2.jpeg
6a69d46d5fee3.jpeg
6a69d468b8a2d.jpeg
6a69d4675beba.jpeg
6a69d46730930.jpeg
6a69d4656bfb5.jpeg
6a69d464834bd.jpeg
6a69d46352e33.jpeg
6a69d4632a5e5.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумунда сөз сүйлөдү. 

Улан Маматканов өз сөзүндө билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.

Ал мамлекеттердин өнүгүүсүндөгү негизги ресурс бүгүнкү күндө билим, инновация жана адам капиталы болуп саналаарын, ал эми университеттер илимий изилдөөлөрдүн, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана заманбап технологияларды өнүктүрүүнүн борборлору болушу керектигин белгиледи. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарылчылыгына токтолду.

Белгиленгендей, иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын, илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.