Кыргызстан менен Өзбекстан туристтердин агымын 10 млн адамга жеткирүүнү көздөйт – Кубатов

Туризм Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 15:10
WhatsApp_Image_2026_Hg6LpGP.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтердин өз ара агымын жакынкы жылдары 10 миллион адамга жеткирүү максаты коюлууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстан үчүн туризм багытындагы эң маанилүү стратегиялык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. 2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 6,5 миллиондон ашык турист келген болсо, ошол эле мезгилде Кыргызстандан Өзбекстанга 2,5 миллионго жакын жаран барган.

“Туризм багытында Өзбекстан — биздин эң негизги стратегиялык өнөктөшүбүз. Учурда өлкөлөр ортосунда саясий жана экономикалык байланыштар эң жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. Азыр туризм тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгара турган маанилүү документтер даярдалууда”, — деди Кубатов.

Ал белгилегендей, жаңы келишимдердин негизги багыттарынын бири — жарандардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүү жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

“Биз Өзбекстандан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Өзбекстанга болгон жарандардын агымын 10 миллионго чейин көбөйтүшүбүз керек. Жакынкы эки жылда бул көрсөткүчтөн да ашып кетүү мүмкүнчүлүгү бар”, — деди ал.

Кубатовдун айтымында, туристтердин агымынын өсүшү чек ара аймактарынын экономикасына оң таасирин тийгизип, эки өлкөнүн улуттук экономикасына салым кошот.

Ошондой эле ал Борбор Азия дүйнөлүк туристтик багыт катары калыптанып жатканын белгилеп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан бирдиктүү туристтик мейкиндик түзүүгө умтулушу керектигин кошумчалады.

“Биз туристтер үчүн ыңгайлуу бирдиктүү шарттарды түзүшүбүз керек. Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда кол коюлуп жаткан келишимдер дал ушул максатка — туризмди өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө багытталган”, — деди Эдуард Кубатов.