Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат

Маданият 05 Сентябрь 2025 10:35
543323768_1079542647670824_8054665037179035007_n.jpg
542033226_1079542657670823_173582145209199021_n.jpg
Алдыга
Артка
543323768_1079542647670824_8054665037179035007_n.jpg
542033226_1079542657670823_173582145209199021_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, министр Мирбек Мамбеталиев Чхонджу шаарынын мэри Ли Бом Сок менен салттуу кол өнөрчүлүк жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Анын алкагында көргөзмөлөрдү, чебер-класстарды, тажрыйба алмашууларды жана адистер ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү каралган. Бул кызматташтык маданий алакаларды системдүү жана туруктуу нукка буруп, айрыкча салттуу кол өнөрчүлүк, искусство жана чыгармачылык тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Корея Республикасы өзүнүн бай маданияты жана салттуулукту заманбап технология менен айкалыштырган өнүгүү жолу аркылуу дүйнөгө үлгү болуп келет. Кыргыз тарап бул меморандумдун негизинде мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба жана билимдер менен алмашууга, салттуу кол өнөрчүлүк жаатында биргеликтеги долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташтыкты чыңдоого ишеним артууда",-деп айтылат маалыматта.