Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 19-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен Сеул искусство жана маданият фондунун (SFAC) ортосунда маданият жана искусство жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, документ Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана чыгармачылык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Анын алкагында биргелешкен маданий, театрдык, музыкалык жана билим берүү долбоорлорун уюштуруу, чыгармачыл адистердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, ошондой эле мастер-класстарды, форумдарды, семинарларды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүү каралган.
Мындан тышкары, тараптар чыгармачыл жамааттардын жана искусство өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, маданий долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга жана жаңы чыгармачылык демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурушат.