Кыргызстан менен Корея курулуш жана энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду караштырууда

Экономика 873 29 Август 2025 11:57
af623a9f4bab6ac3f04a1c4ac6490469.jpg
1.jpg
539529920_1181356727344017_2723264404034502601_n.jpg
540461294_1181356737344016_6679323618735786496_n.jpg
540984700_1181356730677350_6482274511257488050_n.jpg
Алдыга
Артка
af623a9f4bab6ac3f04a1c4ac6490469.jpg
1.jpg
539529920_1181356727344017_2723264404034502601_n.jpg
540461294_1181356737344016_6679323618735786496_n.jpg
540984700_1181356730677350_6482274511257488050_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Түштүк Корея курулуш жана энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду караштырууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында Түштүк Кореянын ишкерлер делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Делегацияга ишкерлерди колдоо бөлүмүнүн директору жана Кыргыз-корей кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Пак Чон Дэ жетекчилик кылды.

Курулуш материалдарын (турак жай, өнөр жай объектилери жана энергетикалык станциялар үчүн) чыгаруучу кореялык компаниялар Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экенин билдиришти. Делегация өкүлдөрү өлкөдө жүрүп жаткан курулуш тармагынын өсүшүн белгилешип, бул багытта өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Кыргыз тараптан делегацияны ТППнын вице-президенттери Толкунай Таалайбекова жана Мамасадык Бакиров, Энергетика комитетинин төрайымы Күндүз Кырбашева жана Палатанын курулуш комитетинин өкүлү кабыл алды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-корей ишкердик байланышын кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана курулуш менен энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.