Кыргызстан менен Корея биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашырат

Маданият 18 Февраль 2026 09:10
634832194_1208856001406154_1774981455504620279_n.jpg
1.jpg
634382855_1208856218072799_5716123713273519448_n.jpg
634653484_1208856078072813_1381102541340828164_n.jpg
634977131_1208855958072825_2267343780429506369_n.jpg
637800118_1208855938072827_4004617356945457755_n.jpg
Алдыга
Артка
634832194_1208856001406154_1774981455504620279_n.jpg
1.jpg
634382855_1208856218072799_5716123713273519448_n.jpg
634653484_1208856078072813_1381102541340828164_n.jpg
634977131_1208855958072825_2267343780429506369_n.jpg
637800118_1208855938072827_4004617356945457755_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кван Джэ менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана жаштар саясаты чөйрөсүндө кыргыз-корея кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, биргелешкен маданий жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин караштырды.

Ошондой эле музей ишин өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу жана санариптик долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Мирбек Мамбеталиев корея тарапты быйыл өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына катышууга чакырып, бул эки өлкөнүн маданий байланышын чыңдай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-корея маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий алмашууну кеңейтүү жана жаштардын катышуусун арттыруу боюнча тыгыз кызматташууга макулдашты.