Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Саясат Загрузка... 01 Январь 2026 11:52
IMG_0143.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.01.2026. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, министрлер өтүп бара жаткан жылдагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктарына жогору баа берип, кыргыз-казак мамилелеринин туруктуу мүнөзүн белгилешти. Өзгөчө көңүл ушул жылдын август айында Бишкек шаарында өткөн Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынынын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттердин аткарылышынын жүрүшүнө бурулду. Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды тутумдуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

ТИМ башчылары өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана транспорттук-логистикалык чөйрөдөгү өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошону менен катар, аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, 2026-жылга карата биргелешкен дипломатиялык байланыштардын тизмеси бекитилди.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда министрлер келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.