Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Ошондой эле алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графиги каралды.