Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Саясат 11 июнь 2025 16:30
Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын Астана шаарындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен баарлашты.

Парламенттен билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча ой бөлүштү.

Андан тышкары, өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу сөз кылган парламент жетекчилери алдыда жасала турган иш-аракеттерди талкуулашты. 

Эскерте кетсек, кечээ 10-июнда Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин III жыйыны өткөн. Бүгүн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги отурумдары башталды.