Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө - Максүтов

Экономика Загрузка... 22 Август 2025 13:15
WhatsApp Image 2025-08-22 at 13.12.11.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Жылдан жылга Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Улукман Максүтов өлкөдөгү телеканалдардын бирине билдирди.

Анын айтымында, товар жүгүртүүдө туруктуу динамика бар, негизинен эки өлкө башчылары 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырма койгон.

“Бул максатка жетүү үчүн өкмөт тарабынан Казакстан менен биргеликте бир нече иштер жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде эң негизги долбоорлордун бири эки өлкөнүн ортосундагы чек арада чоң соода-логистикалык комплекс куруу боюнча учурда тынымсыз жумуштар жүрүп жатат”,- деди Максүтов.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан Казакстанга айыл чарба продукцияларын, чийки өндүрүм, желимден жасалган товарларды, текстиль, керамика, айнек, баалуу металлдардын рудасын, концентраттарын жана башка товарларды экспорттосо, импорт катары тамак-аш азыктары жана айыл чарба чийки заты, мунай продуктылары, көмүр, органикалык эмес химиялык заттар келет.