Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында өтүү шарттары жакшырат

Экономика 22 август 2025 17:25
537471952_1058522426453064_243768858035990833_n.jpg
535970533_1058522433119730_4462563930314096886_n.jpg
535550284_1058522306453076_5605362989942322523_n.jpg
535653339_1058522303119743_6255167255772240710_n.jpg
537626384_1058522429786397_1799827349728267926_n.jpg
537671945_1058522319786408_6007126137539655420_n.jpg
Алдыга
Артка
537471952_1058522426453064_243768858035990833_n.jpg
535970533_1058522433119730_4462563930314096886_n.jpg
535550284_1058522306453076_5605362989942322523_n.jpg
535653339_1058522303119743_6255167255772240710_n.jpg
537626384_1058522429786397_1799827349728267926_n.jpg
537671945_1058522319786408_6007126137539655420_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Документтерге эки мекеменин жетекчилери Алмамбет Шыкмаматов жана Жандос Дуйсембиев кол коюшту. Алар:

  • өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында автотранспорттук ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө;
  • автотранспорт каражаттарын жана товарларды ташууда өз ара кызматташуу жөнүндө.

Биринчи меморандумдун алкагында пилоттук долбоор эки өлкөнүн фискалдык органдары тарабынан эл аралык стандарттарга ылайык салык жана бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталат. Бул чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылат.

Экинчи меморандумдун алкагында товарларга коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды алмашуу үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында электрондук кезекти киргизүү каралган.

Белгилей кетсек, кол коюлган меморандумдар навигациялык пломбаларды киргизүү жана ташууларды көзөмөлдөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Бул өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдөө жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүүнүн ачыктыгын жана ыкчамдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу