Бишкек, 22.08.2025. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын алакасынын келечеги кең. Бул тууралуу саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков “Ала-Тоо 24” телеканалынын түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кыргыз менен казак элинин достугу кылымдардан бери уланып келе жаткан терең тарыхый байланышка ээ. Улуу инсандарыбыз, агартуучуларыбыз илгертеден эле казак элинин көрүнүктүү өкүлдөрү менен тыгыз алакада болушкан.
“Мисалы, казак элинин залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Разаков жөнүндө мындай деп айткан:“Мен Ташкентте болдум. Ал жерде Орто Азия республикаларынын жетекчилери сөз сүйлөштү. Алардын арасында Кыргызстандын жетекчиси Исхак Разаков да чыгып сүйлөдү. Мен буга чейин Динмухаммед Кунаевге жеткен адам жок болсо керек деп ойлочумун. Бирок кыргыздын Исхак Разаковы сүйлөгөндө, Каныкей Тайбурулду камчылагандай таасир калтырды” — деп эскерет. Мындан сырткары, биздин көптөгөн интеллигент азаматтарыбыз Казакстандан билим алып, илимий даражаларын жактап кайтышты. Өзүм да Алматы шаарында окуп, кандидаттык жана докторлук диссертациямды коргоп келдим. Ошол мезгилден бери казакстандык илимпоздор менен тыгыз кызматташып келебиз”,-деди ал.
Жоробеков белгилегендей, эгемендүүлүк доору келгенде, эки өлкөнүн алакасы бир аз солгундап калган учурлар да болду. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул байланыш кайра жанданып, бүгүнкү күндө жакшы жыйынтыктарга жетиштик.
“Азыркы күндө президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда абдан жакшы, ишенимдүү мамиле түзүлдү. Бул — эки өлкө башчысынын акылмандыгы менен ырааттуу саясатынын жемиши. Дүйнөдө ар кандай калктар көп. Биз түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү катары “бардыгыбыз бир тууганбыз” деп айтабыз. Бирок, ошолордун ичинен бизге эң жакыны — казак эли. Дүйнөдө мындай бири-бирине жакын, тилди котормочусуз түшүнө алган элдер сейрек. Ошондуктан, Кыргызстан менен Казакстандын алакасынын келечеги кең деп ишеним менен айта алабыз”,-деди ал.