Кыргызстан менен Казакстан товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн өткөрүү пункттарын кеңейтет - Кулубаев

Саясат Загрузка... 22 Август 2025 16:24
2429522.4196f1e83d4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин VII жыйынына катышты. VI жыйын былтыр Казакстанда өткөн. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

"Жыйында биз соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, энергетика тармагында кызматташууну, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана айыл чарба тармагында өз ара аракеттенүүнү талкууладык. Муну менен катар санариптештирүү, билим берүү жана маданият маселелери боюнча дагы пикир алыштык", - деди ал.

Министр сүйлөшүүлөр эң жогорку деңгээлде, ачык жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнүн белгиледи.

"Менимче, азыркы шартта Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө.

Ошондой эле биз сооданы өнүктүрүү, өлкөлөр ортосундагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын кеңейтүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу маселелерин кеңири талкууладык. Кыргызстандын бардык министрликтерине тиешелүү тапшырмалар берилди", - деди министр Жээнбек Кулубаев.

Министр сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда "Ынтымак" сейил багындагы "Достуктун алтын көпүрөсү" монументинин расмий ачылыш аземи, Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун жана Ош шаарында Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын расмий ачылыш аземдери пландаштырылганын кошумчалады.