Кыргызстан менен Казакстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Коом 23 Июль 2026 19:00
IMG_2119.JPG.jpeg
IMG_2127.JPG.jpeg
IMG_2122.JPG.jpeg
IMG_2124.JPG.jpeg
IMG_2125.JPG.jpeg
IMG_2123.JPG.jpeg
IMG_2121.JPG.jpeg
IMG_2126.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2119.JPG.jpeg
IMG_2127.JPG.jpeg
IMG_2122.JPG.jpeg
IMG_2124.JPG.jpeg
IMG_2125.JPG.jpeg
IMG_2123.JPG.jpeg
IMG_2121.JPG.jpeg
IMG_2126.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бүгүн Астана шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын кеңири талкуулашты.

Министрлер электр энергетикасы жаатындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле аймактык суу-энергетикалык кызматташтык алкагындагы координацияны мындан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле электр энергиясын жеткирүү жана транзит маселелерине, энергетикалык системалардын иштөө режимдерин өз ара макулдашууга, буга чейин жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга өзгөчө басым жасашты.

"Казакстан тарап Кыргызстан менен энергетика тармагында тыгыз кызматташтыкты улантууга, энергосистемалардын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого, ошондой эле аймактык энергетикалык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдирди". - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн энергетика министрлери өз ара ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген кызматташтыкты мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө, энергетика тармагындагы негизги багыттар боюнча биргелешкен иштерди улантууга өз ара бекем ниеттерин ырасташты.