Кыргызстан менен Казакстан буудай жеткирүү маселесин талкуулады

Экономика 194 14 Август 2026 09:15
IMG_6607.JPG
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Күн мурун Алматы шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаровдун эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун күн тартибинде буудайды туруктуу жеткирүү, Россиянын буудайын Казакстандын аймагы аркылуу транзиттөө, минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, санариптештирүү жана асыл тукум мал чарбасындагы кызматташтык маселелери каралды.

IMG_6611.JPG

Министрлер Кыргызстандын жана Казакстандын агрохолдингдери менен биргеликте азык-түлүк буудайын жеткирүү маселесин иштеп чыгууга даяр экенин белгилешти.

Кыргыз тарап ошондой эле Россиянын буудайын Казакстан аркылуу үзгүлтүксүз транзиттөө боюнча чечимдерди табууну сунуштап, казак буудайын сатып алууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө инвестиция тартуу, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, айыл чарбасын санариптештирүү жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер мындан аркы координацияга жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.