Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катардын үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайминин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Доха шаарында өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында өттү.
Жолугушуу учурунда тараптар социалдык-эмгек тармагындагы өз ара кызыкчылык жараткан кеңири маселелерди талкуулашты. Алардын ичинде социалдык коргоо механизмдерин өнүктүрүү, калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле коомдун негизги институту катары үй-бүлөнүн ролун бекемдөө маселелери болду.
Министр Канат Сагынбаев Кыргызстан Катар менен гуманитардык жана социалдык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.
Тараптар социалдык саясат, социалдык кызматтарды санариптештирүү, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле майыптуулугу бар жарандарды реабилитациялоо жана кесиптик окутуу багытында тажрыйба алмашуу үчүн чоң потенциал бар экенин белгилешти.
Аялдар менен балдарды социалдык жактан коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана жаштардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Сагынбаев эки министрлик ортосундагы институционалдык байланыштарды жолго коюуга кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди. Бул документ социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча системдүү жана туруктуу кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөк.
Өз кезегинде Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми катарлык тараптын өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даяр экенин белгилеп, мыкты тажрыйбаларды алмашуу жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар элдин социалдык укуктарын коргоого жана жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин белгилешти.