Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Рим шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Италиянын Иран жана Экономикалык кызматташтык уюмуна (ECO) кирген өлкөлөр боюнча Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Мекемеден билдиришкендей, документке Соода-өнөр жай палатанын вице-президенти Мамасадык Бакиров кол койду.
"Меморандум эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында коммерциялык маалымат алмашуу, бизнес-миссияларды жана B2B жолугушууларды уюштуруу, компаниялардын көргөзмө-жарманкелерге катышуусуна көмөк көрсөтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу каралган", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын максаты жаңы байланыштарды конкреттүү бизнес-долбоорлорго айландыруу болуп саналат.