Кыргызстан менен Италиянын азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Коом Загрузка... 13 Июнь 2025 17:39
image_9mkqPEO.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Италия азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрликте Италиянын Турин политехникалык университети Politecnico di Torino) менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. 

Меморандумдун максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк продукцияларынын сапатын жогорулатуу боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Документ төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • азык-түлүк продукциясынын сапаты жана коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү;
  • биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • агроөнөр жай тармагындагы адистерди жана консультанттарды даярдоо;
  • Кыргызстаннда Азык-түлүк коопсуздугу институтун түзүү.

Тараптар бул кызматташтыктын туруктуу жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болушунун, ошондой эле Кыргызстандын илимий-агартуу потенциалын өнүктүрүүгө, өндүрүштүк чынжырларды бекемдөөгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө кошкон салымын өзгөчө белгилешти.