Кыргызстан менен Италия инвестициялык өнөктөштүктү чыңдайт

Экономика 17 Февраль 2026 14:44
637763811_1209639391357977_6332158869232467460_n.jpg
638327030_1209639648024618_8833351309537484473_n.jpg
638534103_1209639578024625_5140923651344339463_n.jpg
634046775_1209639728024610_4978625129319394807_n.jpg
634180713_1209639774691272_6616576511934604411_n.jpg
637668374_1209639518024631_2850962811027368597_n.jpg
Алдыга
Артка
637763811_1209639391357977_6332158869232467460_n.jpg
638327030_1209639648024618_8833351309537484473_n.jpg
638534103_1209639578024625_5140923651344339463_n.jpg
634046775_1209639728024610_4978625129319394807_n.jpg
634180713_1209639774691272_6616576511934604411_n.jpg
637668374_1209639518024631_2850962811027368597_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Италиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү италиялык компанияларды илгерилетүү жана интернационалдаштыруу агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-италия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин, ошондой эле B5+1 форматындагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын Италия үчүн 15 артыкчылыктуу өлкөнүн катарына киргизилиши эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон жогорку ишенимди жана стратегиялык кызыкчылыкты ырастай турганы белгиленди.

"Кыргызстан Италия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана түз чет элдик инвестициялардын агымын кубаттайт. Биз инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоону жана мыйзамдарга, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерге ылайык мамлекеттик кепилдиктерди камсыздайбыз. Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштөр үчүн ачык жана бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр", — деди Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.