Кыргызстан менен Италия инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 13:30
746508481_1328536426134939_5360396457439546771_n.jpg
744294799_1328536469468268_4727901204665045806_n.jpg
746493919_1328536442801604_6484530283309311224_n.jpg
743996011_1328536449468270_1841986006380199312_n.jpg
746780040_1328536479468267_6351273539621313361_n.jpg
743337009_1328536419468273_5022780108812962530_n.jpg
Алдыга
Артка
746508481_1328536426134939_5360396457439546771_n.jpg
744294799_1328536469468268_4727901204665045806_n.jpg
746493919_1328536442801604_6484530283309311224_n.jpg
743996011_1328536449468270_1841986006380199312_n.jpg
746780040_1328536479468267_6351273539621313361_n.jpg
743337009_1328536419468273_5022780108812962530_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Италиянын Тышкы соода агенттигинин (ITA) президенти Маттео Зоппас жана Италиянын айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр федерациясынын (FederUnacoma) президенти Мариятереза Маскио жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ITA, FederUnacoma`нын, Италиянын Казакстандагы элчилигинин жана Кыргызстандагы Ардактуу консулдугунун өкүлдөрү да катышты.

Тараптар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын жана өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өзгөчө айыл чарба техникаларын өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана эмерек өндүрүү, медицина, стоматология жана HoReCa тармактарына көңүл бурулду.

Мындан тышкары, италиялык өндүрүштөрдү Кыргызстандын эркин экономикалык аймактарында жайгаштыруу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун жана "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Жыйынтыгында тараптар инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө жана италиялык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы иш-чараларды уюштуруу боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.