Кыргызстан менен Ирандын консулдук кызматташтык маселелери талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Ирандын консулдук кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат 5 июль 2025 16:30
WhatsApp Image 2025-07-04 at 16.48.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 16.48.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 16.48.21 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-04 at 16.48.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 16.48.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 16.48.21 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 05.07.25./Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин Директору Сейтек Жумакадыр уулу Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейна Ядегари менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Эки өлкөнүн аймагында жүргөн Кыргызстан менен Ирандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган консулдук жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.
Эки тарап өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө максатында профилдик ведомстволордун ортосунда активдүү жана конструктивдүү аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.