Кыргызстан менен Иран биргелешкен инвестициялык комитет түзөт

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Тегеранда Ирандын Улуттук өнүктүрүү фондунун президенти Махди Газанфари менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы биргелешкен инвестициялык комитеттин аткаруу алкагын түзүүгө багытталган макулдашуу меморандумуна кол коюлду.

Министр Бакыт Сыдыков Иран – Кыргыз инвестициялык кеңсесин тез арада ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын Кыргызстан экономикасынын өнөр жай, энергетика, инфраструктура жана башка негизги тармактарына ирандык инвестицияларды тартуудагы ролун белгиледи.

Кол коюлган меморандумдун алкагында Ирандын Улуттук өнүктүрүү фонду 50 миллион евро көлөмүндөгү кредиттик линияны камсыздайт. Бул каражаттар Ирандын техникалык жана инженердик кызматтарын Кыргызстанда экспорттоону колдоого багытталат.

Тараптар жетишилген макулдашуулар эки тараптуу экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө негиз болоруна ишеним билдиришти.