Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

Экономика 14 ноябрь 2025 10:42
photo_5235624585221312342_y.jpg
photo_5235624585221312352_y.jpg
photo_5235624585221312351_y.jpg
photo_5235624585221312348_y.jpg
photo_5235624585221312349_y.jpg
photo_5235624585221312341_y.jpg
photo_5235624585221312340_y.jpg
photo_5235624585221312339_y.jpg
photo_5235624585221312338_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5235624585221312342_y.jpg
photo_5235624585221312352_y.jpg
photo_5235624585221312351_y.jpg
photo_5235624585221312348_y.jpg
photo_5235624585221312349_y.jpg
photo_5235624585221312341_y.jpg
photo_5235624585221312340_y.jpg
photo_5235624585221312339_y.jpg
photo_5235624585221312338_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Иран айыл чарба жана суу ресурстары боюнча кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ирандан келген делегация менен жолугушууда белгилүү болду.

Делегацияны Хорасан-Разави провинциясынын губернатору Голам Хоссейн Мозаффари жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари жетектеди.

Тараптар айыл чарба жана суу ресурстары тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Иран тарап кыргыз айыл чарба продукциясын сатып алуу, транс улуттук эгүү иштерин жүргүзүү, айыл чарба жабдууларын биргелешип өндүрүү жана экспорттоо, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, инвестиция жана экотуризм багыттарында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Министрликтин делегациясын жетектеген Ж.ККерималиев Кыргызстан буурчак, күрүч, пахта, бал, эт жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Губернатор Голам Хоссейн Мозаффари Хорасан-Разави провинциясынын Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгындагы маанилүү ролун белгилеп, ЕАЭБ базарларынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын конкреттүү багыттарын иш жүзүндө тереңдетип иштеп чыгууга макулдашты. Диалог үчүн өз ара ыраазычылык билдирилип, мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даярдык тастыкталды.