Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Ден соолук 01 Август 2025 17:33
526375347_773995605027810_1752845751810236706_n.jpg
526567979_773995608361143_8118523008074392684_n.jpg
527533333_773995568361147_3516456921883290767_n.jpg
Алдыга
Артка
526375347_773995605027810_1752845751810236706_n.jpg
526567979_773995608361143_8118523008074392684_n.jpg
527533333_773995568361147_3516456921883290767_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

Атап айтканда, адистерди даярдоо жана тажрыйба алмашуу, кадрдык потенциалды жогорулатуу, заманбап дарылоо технологияларын жана салттуу медицинаны жайылтуу маселелери көтөрүлдү.

Өзгөчө көңүл онкологиялык жардам көрсөтүү жаатына бурулду.

Индиянын элчиси учурда Улуттук онкология жана гематология борборуна орнотулган "Бабатрон" аппаратынын иштеши үчүн зарыл болгон радиоактивдүү изотоп – Кобальт-60ты жеткирүү маселеси активдүү жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле индиялык тарап "Бабатрон" аппаратынын ордуна дүйнөлүк онкологиялык клиникаларда колдонулуп жаткан заманбап "Сидхарт" аттуу сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун билдирди.

Министр Эркин Чечейбаев бул сунушту жогору баалап, мындай жабдуу келтирилсе, аны Ош облустук онкология борборуна орнотуу мүмкүнчүлүгү караларын айтты. "Биз өлкөнүн түштүк аймагындагы бейтаптар үчүн да заманбап нур терапиясынын жеткиликтүү болушуна кызыкдарбыз. Бул жабдуу онкологиялык жардамдын сапатын кыйла жакшыртат", — деди министр.

Тараптар жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда айтылган демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыгын чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилешти.