Кыргызстан менен Индия аймактык коопсуздукту талкуулады — Кабар

Кыргызстан менен Индия аймактык коопсуздукту талкуулады

Саясат 15 октябрь 2025 16:18
564611299_1367964135338217_3911136983830759459_n.jpg
565115801_1367964142004883_2010312242241432890_n.jpg
561871206_1367964062004891_4870732013918994539_n.jpg
564008971_1367964155338215_5641715276774244532_n.jpg
565144925_1367964068671557_1595154225592132104_n.jpg
565198816_1367964065338224_8963508421138740376_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Аджит Довал менен жолугушту.

Өз ара кызыкчылыкты туудурган мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, анын ичинде коопсуздук жаатындагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле аймактык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Иш-чара Борбор Азия жана Индия форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусунун алдында өттү.