Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Wingspan Group компаниясынын төрагасы жана башкы директору Нираж Ратхи менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө жарандык авиация тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аба каттамдарын, индиялык туристтерди тартуу жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин тастыктап, бул туризмдин, инвестициялык кызматташуунун жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Элчи Аскар Бешимов түз аба каттамдарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул бизнес жана маданий алмашууларды стимулдаштыраарын белгиледи. Өз кезегинде Нираж Ратхи Кыргызстандын туристтик жана транзиттик борбор катары жогорку потенциалы бар экендигин белгилеп, кыргыз тарап менен мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды илгерилетүү ниетин билдиришти.
Маалымат үчүн: Wingspan Group компаниясы Индияда 1998-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө жарандык авиация тармагында авиабилеттерди сатуу, чартердик каттамдарды уюштуруу, жүк ташуулар жана авиакомпанияларга маркетингдик колдоо көрсөтүү кызматтарын аткарган ири структуралардын бири болуп эсептелет. Компания алдыңкы авиакаттамдарды ишке ашыруучу ташуучулардын, анын ичинде IndiGo авиакомпаниясынын расмий өнөктөшү болуп саналат.