Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов Грузия президентинин администрациясынын Эл аралык байланыштар жана протокол кызматынын жетекчиси Тамар Колбия менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле эл аралык аренада Кыргызстандын тышкы саясаттагы демилгелерин колдоо маселелери каралды.
Мындан тышкары, элчи Максат Мамытканов Тбилиси шаарынын вице-мэри Гиорги Ткемаладзе менен жолукту.
Жолугушууда муниципалитеттердин деңгээлиндеги кызматташууну өнүктүрүү максатында Бишкек менен Тбилисинин ортосунда шаарлардын боордоштук байланышын түзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле Грузиянын борборундагы парктардын бирине ыйгарылган Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүк калтыруу боюнча мындан аркы кадамдар дагы белгиленди.