Кыргызстан менен Грузия кылмыштуулукка каршы бирге күрөшөт

Коом 126 14 Август 2026 17:25
774468980_1454466320035698_5813939851430479480_n.jpg
774833118_1454465920035738_5516193497947045908_n.jpg
774712273_1454466236702373_8199800839892893277_n.jpg
774667915_1454465886702408_4154092598774990633_n.jpg
Алдыга
Артка
774468980_1454466320035698_5813939851430479480_n.jpg
774833118_1454465920035738_5516193497947045908_n.jpg
774712273_1454466236702373_8199800839892893277_n.jpg
774667915_1454465886702408_4154092598774990633_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Тбилиси шаарында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Грузиянын ички иштер министри Сулхан Левановичтин жолугушуусу болуп өттү.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн келечегин талкуулашты.

Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, алдамчылыкка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана башка заманбап чакырыктарга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Грузиянын аймагында ишкердик менен алектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Грузиянын укук коргоо системасын реформалоо, санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча оң тажрыйбасын белгилеп, натыйжалуу тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, "Коопсуз өлкө" долбоорун өнүктүрүү, заманбап техникалык каражаттарды киргизүү жана ИИМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жана Грузиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишеним билдиришти.