Кыргыз-герман соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды — Кабар

Кыргыз-герман соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Саясат 30 июнь 2025 16:00
96a5715e-2ab3-33a0-a854-d2f296f6f5a2.jpg
059a1bf7-8a12-3995-a9dd-648b3f1f5731.jpg
Алдыга
Артка
96a5715e-2ab3-33a0-a854-d2f296f6f5a2.jpg
059a1bf7-8a12-3995-a9dd-648b3f1f5731.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония-Анхальт федералдык аймагынын премьер-министри Райнер Хазелофф менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-герман күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле маалымат технологиялары, логистика жана туризм тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, бизнес өкүлдөрүн 2025-жылы боло турган иш-чараларга катышууга чакырды.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын Саксония-Анхальт Федералдык аймагынын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.